> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2025-жылы Кыргызстанда бир уйдан орточо 2114 кг сүт саалды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/21/2025-zhyly-kyrghyzstanda-bir-uidan-ortocho-2114-kgh-sut-saaldy/
- Published: 2026-03-21T04:17:46.000Z
- Updated: 2026-03-21T04:17:45.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, республикада мал чарбачылыгында оң динамика байкалууда.** **Бир уйдан орточо саалган сүт 2024-жылы 2063 кг болсо, 2025-жылы 2114 кгга жетип, өсүү темпи 2%ды түздү.**

Эң жогорку натыйжаларды Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун чарбалары көрсөттү — тиешелүүлүгүнө жараша 3339 кг жана 3203 кг.

Ошол эле учурда эң төмөн көрсөткүчтөр түштүк жана бийик тоолуу аймактарда катталган: Баткен облусунда орточо саалган сүт 1540 кг, ал эми Нарын облусунда 1611 кг түзгөн.