> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда эң маанилүү эки ири долбоор ишке ашып жатат – А.Касымалиев
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/22/kyrghyzstanda-en-maaniluu-eki-iri-dolboor-ishkie-ashyp-zhatat-a-kasymaliiev/
- Published: 2026-03-22T03:35:52.000Z
- Updated: 2026-03-22T03:35:51.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Кыргызстанда азыр бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жаткаын МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев "Мир" телеканалына берген маегинде билдирди.**

Анын айтымында, учурда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу ишке ашууда. Бул долбоор бир гана Кыргызстан үчүн эмес, бүтүндөй аймак үчүн маанилүү. Бул Чыгыш менен Батышты байланыштырууга жол ачат.

> "Темир жол жүк ташуунун аралыгын кыскартып, товарлардын жетүү мөөнөтүн болжол менен бир жумага ылдамдатат. Азыркы заманда бул өтө чоң мааниге ээ. Долбоордун жалпы баасы 4,7 млрд долларды түзөт: анын 50%ын Кытай каржылайт, ал эми Кыргызстан менен Өзбекстан ар бири 24,5%дан катышат. Жалпы узундугу 305 км болот, анын ичинде 50гө жакын көпүрө жана 29 туннель курулат. Кыргызстан өз аймагында курулуш иштерин активдүү жүргүзүүдө — миңдеген жумушчулар жана техникалар тартылган. Долбоорду 2030-жылга чейин бүтүрүү пландалууда", - деп белгиледи ал.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев Кыргызстанда экинчи ири долбоор — Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу экенин айтып өттү.

> "Бул долбоорго Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан катышууда. Ал аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ: келечекте сууну топтоп, вегетация мезгилинде коңшу өлкөлөргө да берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Долбоор боюнча эл аралык каржы уюмдары менен макулдашуулар бар жана каржылоо булактары аныкталган", - деп белгиледи минкаб жетекчиси.