> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ак ниет ишкерлеринин Реестрине кайсы компаниялар өттү, кимдер четте калды?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/23/ak-niiet-ishkierlierinin-rieiestrinie-kaisy-kompaniialar-ottu-kimdier-chiettie-kaldy/
- Published: 2026-03-23T13:56:32.000Z
- Updated: 2026-03-23T13:56:32.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**Экономика жана коммерция министрлигинде Ак ниет ишкерлердин реестрине киргизүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, комиссиянын кароосуна ишкерлерден 44 арыз келип түшкөн. Жыйындын жүрүшүндө айрым компаниялар белгиленген талаптарга жооп бербегендиктен четке кагылды. Талаптар Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген жобого ылайык аныкталган.

Реестрге кирген компаниялардын тизмеси Экономика жана коммерция министрлигинин жана Соода-өнөр жай палатасынын расмий сайттарында жарыяланат.

> Белгилей кетсек, реестрге кирген ишкерлер бир катар артыкчылыктарга ээ болот. Аларга мамлекеттик телеканалдарда акысыз эфир убактысы, салык кызматтарын кезексиз алуу, эл аралык иш-чараларга акысыз катышуу, үч жылга пландуу текшерүүлөрдөн бошотулуу жана жеңилдетилген каржылоого жеткиликтүүлүк кирет.

Ошондой эле ишкерлер өз продукцияларына "Ак ниет ишкер" белгисин колдонууга укук алышат.