> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түштүк ооруканаларына заманбап медициналык жабдууларды алууга Япония 1,8 млрд ийен грант берет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/23/tushtuk-oorukanalaryna-zamanbap-mieditsinalyk-zhabduulardy-aluugha-iaponiia-1-8-mlrd-iiien-ghrant-bieriet/
- Published: 2026-03-23T06:37:10.000Z
- Updated: 2026-03-23T06:37:09.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын министрлер кабинети менен Япониянын өкмөтүнүн ортосундагы “Түштүк региондорундагы рефералдык ооруканаларда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча ноталарды алмашуу жана Кыргызстандын министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Түштүк региондорундагы рефералдык ооруканаларда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.**

Мыйзам 2026-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

> Жогоруда белгиленген гранттык макулдашуу менен Япония өкмөтү Кыргызстандын министрлер кабинетине “Түштүк региондорундагы рефералдык ооруканаларда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоорун министрлер кабинети тарабынан ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн 1 млрд 801 млн япон йенине чейин грант берет.

Аталган долбоор Кыргызстандын түштүк облустарынын рефералдык ооруканаларына жүрөк-кан тамыр ооруларын жана онкологиялык ооруларды дарылоо үчүн медициналык жабдууларды берүү жолу менен жугуштуу эмес ооруларды диагностикалоо жана дарылоо жаатындагы потенциалды чыңдоого багытталган.

Бул долбоорду ишке ашыруу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын калкына адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет.