> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ар бир төртүнчү кыргызстандык жакырчылыкта жашайт — WFP
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/24/ar-bir-tortunchu-kyrghyzstandyk-zhakyrchylykta-zhashait-wfp/
- Published: 2026-03-24T07:05:58.000Z
- Updated: 2026-03-24T07:05:57.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Коом

**Кыргызстандын калкынын болжол менен 26%ы жакырчылык чегинен төмөн жашарын Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) “Kyrgyz Republic Country Brief, March 2026” аттуу отчетунда айтылган.**

Изилдөөгө ылайык, өлкө тургундарынын 41%дан көбү сапаттуу тамак-ашты сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок, ал эми 75%ы тиричилик үчүн терс стратегияларга барып жатышат — карыз алуу же ден соолукка кетчү чыгымдарды кыскартуу.

Эң оор абал Баткен облусунда байкалат, ал жерде жакырчылык деңгээли 40%дан ашкан.

Балдардын жетишсиз тамактануу көйгөйү да актуалдуу бойдон калууда: беш жашка чейинки балдардын 21%ында анемия аныкталган.

Жогорку экономикалык өсүш темптерине карабастан, өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу азырынча туруктуу эмес. Себептеринин ичинде — мигранттардын акча которууларына көз карандылык, айыл чарба продукциясы менен камсыздуулуктун төмөндүгү, азык-түлүк жана күйүүчү май бааларынын өсүшү, климаттык тобокелдиктер бар.

Отчетто белгиленгендей, Кыргызстандын 93%ы тоо жери болуп саналгандыктан, өлкө табигый коркунучтарга — анын ичинде сел агымдарына дуушар болуу тобокелдиги көп.