> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытайда сейрек кездешүүчү металлдын ири кени табылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/24/kytaida-sieiriek-kiezdieshuuchu-mietalldyn-iri-kieni-tabyldy/
- Published: 2026-03-24T13:05:16.000Z
- Updated: 2026-03-24T13:05:15.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Кытай геологдору өлкөнүн түштүк-батышында, Сычуань провинциясынын Маонюпин аймагында ири сейрек кездешүүчү металл кенин табышканын Кытайдын Борбордук телеканалы кабарлап, Global Times берди.**

> Геологиялык изилдөө учурунда дагы 9,66–9,7 млн тонна сейрек кездешүүчү металл оксиддери аныкталып, аймактагы запастар 300%га өскөнү белгиленди. Жалпы тастыкталган ресурстардын көлөмү болжол менен 10,4 млн тоннага жетти. Көлөмү боюнча бул кен дүйнөдө Баян-Обо (Ички Монголия) кенинин артынан экинчи орунду ээлейт.

Сейрек кездешүүчү металлдардан тышкары, Маонюпинде флюориттин 27,1–27,14 млн тонна жана бариттин 37,2–37,23 млн тонна запастары табылды. Флюорит — өнөр жайда фтордун негизги булагы, ал эми барит мунай өндүрүүдө колдонулат.

Кытай дүйнөлүк сейрек кездешүүчү металл базарында үстөмдүк кылат. КЭР дүйнөдөгү сйрек кездешүүчү металлдардын болжол менен 70% жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып, алардын дүйнөлүк кайра иштетүү көлөмүнүн 90% жакынын ээлейт.