> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык төлөөчүлөр салык төлөөчүнүн кабинетиндеги каттоо маалыматын текшерүүсү зарыл
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/24/salyk-toloochulor-salyk-toloochunun-kabinietindieghi-kattoo-maalymatyn-tiekshieruusu-zaryl/
- Published: 2026-03-24T10:13:38.000Z
- Updated: 2026-03-24T10:13:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик салык кызматы мүмкүн болгон көйгөйлөрдүн алдын алуу жана салыктык эсепке алуунун ачыктыгын камсыз кылуу максатында салык төлөөчүлөрдү өздөрүнүн салыктык каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун текшерүүгө чакырууда.**

> Салык кызматынин билдирүүсүнө караганда, текшерүүнү **юридикалык, жеке жактар** жана ошондой эле **жеке ишкерлер** салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «Сервистер» бөлүмүндө, **№24 жана №25 формаларында** жүргүзүшү керек.

**Төмөнкү маалыматтарга өзгөчө көңүл буруу керек:**

1) катталган райондун ишкердик жүргүзүлгөн жерге/мүлк жайгашкан жерге дал келиши;

2) салыктардын жана колдонулган салык режимдеринин туура көрсөтүлүшү;

3) байланыш жана идентификациялык маалыматтардын актуалдуулугу.

 **Эгерде дал келбестиктер болсо, төмөнкү жол менен жоюуга болот:**

- тез арада катталган жер боюнча аймактык салык органдарына кайрылуу;
- салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «Салык төлөөчүнү кайра каттоо» онлайн кызматын пайдалануу.

**Видео** [**нускамада**](https://www.youtube.com/watch?v=NmgvOs96JQQ) **кеңири маалымат берилет.**

☝🏻

**Белгилей кетсек, каттоо маалыматтарынын* ***туура эмес** *же* ***дал келбей калышы** *салык милдеттенмелеринин* ***туура эмес эсептелишине** *, салыктык башкаруу чараларынын колдонулушуна (анын ичинде эсептерге чектөөлөр коюлушуна), ошондой эле КРнын мыйзамдарына ылайык* ***административдик жоопкерчиликке тартылууга** *алып келиши мүмкүн.*