> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте инвесторлор менен стартаптар бир аянтта жолугушту
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/27/bishkiektie-inviestorlor-mienien-startaptar-bir-aiantta-zholughushtu/
- Published: 2026-03-27T06:37:21.000Z
- Updated: 2026-03-27T06:37:20.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**25-мартта Бишкек шаарында Кыргыз венчурдук саммити (Kyrgyz Venture Summit) өтүп, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, инвесторлордун жана стартап-коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.** 

Иш-чара венчурдук экосистеманы өнүктүрүүгө, жасалма интеллектти киргизүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталды.

Саммитке экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов катышып, стартаптарды колдоонун маанилүүлүгүн жана инновациялык чөйрөнү өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

> Иш-чаранын жүрүшүндө венчурдук каржылоо, краудфандинг жана альтернативдүү инвестицияларды өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору даярдалып жатканы маалымдалды.

Саммит мамлекеттик жана жеке сектордун кызматташуусун чыңдоого жана инвестиция тартууга өбөлгө түздү.

****Маалымат үчүн:** Венчурдук саммит — бул стартаптар жана инвестициялар дүйнөсүнүн катышуучулары чогулган, идеяларды талкуулоо, өнөктөштөрдү табуу жана каржылоо тартуу максатындагы иш-чара (конференция, форум же жолугушуу).

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/5-34.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-87.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/3-74.jpeg)