> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мал чарбасын экспорттоочулар үчүн кошумча салык 20%дан 3 % чейин төмөндөйбү?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/27/mal-charbasyn-eksporttoochular-uchun-koshumcha-salyk-20-dan-3-chieiin-tomondoibu/
- Published: 2026-03-27T14:38:17.000Z
- Updated: 2026-03-27T14:38:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Мал чарба тармагындагы экспорттоочулар үчүн кошумча эсептелген салыктын өлчөмү 20%дан 3 % чейин төмөндөтүлөт. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан келген мал чарба тармагындагы экспорттоочулар жана фермерлер менен жолугушууда билдирди.**

> *Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө *чет өлкөгө мал жана эт продукциясын экспорттоодо* салыкты кошумча эсептөө *маселеси талкууланды.* Ишкерлер негизги маселелердин бири катары мал сатып алуу наркын тастыктаган д*окументтердин жоктугун белгилешкен*. Мунун кесепетинен салык органдары киреше салыгын продукциянын толук сатуу суммасынан эсептеп, *кошумча жүк жаратып жатканын айтышты.**

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/658177339_26250830414579177_306741815124116341_n.jpg)

Жолугушуунун жыйынтыгында **Алмамбет Шыкмаматов** кошумча эсептелген салыктын өлчөмүн **20%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү** караган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү **демилгелөөнү сунуштады**. Бул демилге ишкерлер тарабынан колдоого алынды.

Салык кызматынын төрагасы ишкерлерди колдоо өлкө экономикасынын туруктуулугу үчүн маанилүү экенин белгилеп, **адилеттүү салык салуу** жана **мыйзамдуулукту камсыз кылуу** негизги багыт бойдон каларын кошумчалады.