> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/28/kyrghyzstan-importunun-63-yn-kytai-mienien-rossiia-kamsyzdait/
- Published: 2026-03-28T07:35:51.000Z
- Updated: 2026-03-28T07:35:51.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды.**

Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. 

***Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле төмөнкүлөр кирет:***

- Казакстан — 9,4% (87,3 млн доллар);
- Өзбекстан — 5,7% (52,4 млн доллар);
- Түштүк Корея — 5% (46 млн доллар).

Белгилей кетсек, КМШ өлкөлөрүнөн импорт 27,4%га кескин өскөн, ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн (КМШдан тышкары) келген товарлар 6,1%га кыскарган.

***Экспорт багытында Кыргызстан үчүн негизги өнөктөштөр төмөнкүлөр бойдон калууда:***

- Россия — 22% (27,9 млн доллар);
- Казакстан — 21,9% (27,8 млн доллар);
- Өзбекстан — 13% (16,5 млн доллар).

Кызыгы, төртүнчү орунда Швейцария (12,8% — 16,2 млн доллар), ал эми Кытай бешинчи орунда (8,4% — 10,6 млн доллар) турат.

***Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1 млрд долларга жетти.***  
2026-жылдын январь айында өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 1 млрд 52,9 миллионду түзүп, 2%га өскөн.

Бирок соода балансынын түзүмү дагы эле олуттуу дефицитте: экспорт 20,3%га азайган шартта импорттун көлөмү 926,1 млн долларга жетип, дээрлик 800 млн доллар терс сальдо түзүлгөн.

ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара сооданын жогорку үлүшү (37,7%) белгилүү бир туруктуулукту камсыз кылганы менен, үчүнчү өлкөлөрдөн импортко көз карандылык дагы эле жогору бойдон калууда.