> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/29/akchany-tuura-koldonuu-uido-bieriekie-bolghonu-globaldyk-akcha-zhumalyghy/
- Published: 2026-03-29T08:15:26.000Z
- Updated: 2026-03-29T08:15:25.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти.**

Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет.

30-марттан 3-апрелге чейинки Глобалдык акча жумалыгынын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында мамлекеттик орган, коммерциялык банк, финансылык компания жана билим берүү мекемелери менен биргеликте ачык сабак, семинарлар, коммерциялык банктарда ачык эшик күндөрү жана экскурсиялар, интерактивдүү оюн жана викториналар өткөрүлөт.

Глобалдык акча жумалыгынын иш-чаралар планы Улуттук банктын [**www.nbkr.kg**](https://l.facebook.com/l.php?u=http%3A%2F%2Fwww.nbkr.kg%2F%3Ffbclid%3DIwZXh0bgNhZW0CMTAAYnJpZBExVVByTkFkRmZXallJOUVVMHNydGMGYXBwX2lkEDIyMjAzOTE3ODgyMDA4OTIAAR79Qmx-H8m0yH5gRy%5FzVDohpcox82wX-YupqzaBwlyPi2LfE-zgcb9k1pheJw%5Faem%5FkFYrLy3w0Q3TyVKLnEW7zA&h=AT7TKxcgOekI1RXYvnc1pVU8ll4yOtZVuiBFyXYg-vjanOAhxAuQQJPb7e8ULzCeHlpIOl3saFSktU9kKxO1uYA3ig19tvHMxg4Rub27PwPCYcOOSemqramD9VG51t1KtP4umtUIFW%5FDs16O&%5F%5Ftn%5F%5F=-UK-R&c[0]=AT6uPsr8Xape%5Fgh6M9TF-9tdWxVw1oMPGsFAchMVPUFlAfYekE8zmGiqqIOAIAQIpD-2HGHy8REvvWaPW1O3t1x4xwVLY%5FpB4d4Tw10XS-TvMKFbDE7EYsPtOSSKEGuk5RkotXeN7%5FsBVG6ZSS3epvn9IdRcsgDQC13z8CkCr7koavIe%5Fq9oBPvuliGG6Udxq043GTPhZ501p3CnXPcWGQD0Bw) расмий интернет-сайтында жана [**www.finsabat.kg**](https://l.facebook.com/l.php?u=http%3A%2F%2Fwww.finsabat.kg%2F%3Ffbclid%3DIwZXh0bgNhZW0CMTAAYnJpZBExVVByTkFkRmZXallJOUVVMHNydGMGYXBwX2lkEDIyMjAzOTE3ODgyMDA4OTIAAR6qNHHzeCWbbW7kHKF7hbU8dAtYUM%5F2oQNo7Ss9%5FT9A%5Fv9HjvqTpYG7A-36lQ%5Faem%5FFeLLe1r0Ouis95HTqCqTlA&h=AT6Tu0YviWqp3SQEc6k2sm51wZjt4C3IDuLkfaoY2X4BFlUl6jk3WfTabuLFb8NNPACj-BcgR--srvfXp8BbaluzcipIg4nNEM7rI6xoY6r507MzLfmpsSBdW9GYO%5F7KVsDtjGtio9LtAvJ5&%5F%5Ftn%5F%5F=-UK-R&c[0]=AT6uPsr8Xape%5Fgh6M9TF-9tdWxVw1oMPGsFAchMVPUFlAfYekE8zmGiqqIOAIAQIpD-2HGHy8REvvWaPW1O3t1x4xwVLY%5FpB4d4Tw10XS-TvMKFbDE7EYsPtOSSKEGuk5RkotXeN7%5FsBVG6ZSS3epvn9IdRcsgDQC13z8CkCr7koavIe%5Fq9oBPvuliGG6Udxq043GTPhZ501p3CnXPcWGQD0Bw) сайтында жайгаштырылган.

---

**Глобалдык акча жумалыгы 2012-жылдан тартып дүйнөнүн 176 өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампания. Кампаниянын максаты – келечекте финансылык жыргалчылыгын жана туруктуулугун жакшыртууга өбөлгө түзүүчү алгылыктуу финансылык чечимдерди кабыл алуусу үчүн балдарга жана жаштарга акча маселелери жөнүндө маалымат берүү максатында сапаттуу финансылык билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу. Кыргызстанда Глобалдык акча жумалыгы 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет, Улуттук банк кампанияны өткөрүүнүн координатору катары иш алып барат.*