> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/30/avtomobilist-aaknyn-mulku-mamliekietkie-otot/
- Published: 2026-03-30T04:15:57.000Z
- Updated: 2026-03-30T04:15:56.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**Министрлер кабинети "Мамлекеттик финансы холдинги" ААКсына "Автомобилист" ААКынын кредитордук карыздарын жабуу эсебинен алынган мүлктү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүнү сунуштады. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.**

> Жер тилкеси менен кошо комплекстин аянты 15 миң чарчы метрден ашык болуп, ал Каракол шаарында, Ысык-Көл облусунда жайгашкан. Финансылык эмес активдердин жалпы баасы 43 млн 953 миң 570 сомду түзөт. Бул каражаттар "Автомобилист" ишканасынын кредитордук талаптарын канааттандыруунун негизинде түзүлгөн.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу брюнча мамагенттигине мүлктү мамлекеттик менчикке кабыл алуу милдети жүктөлдү. Ал эми кадастр жана транспорт каражаттарын каттоо органдарына мыйзамга ылайык менчик укугун каттоо тапшырылды.