> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда кыргыз-беларус бизнес-форуму өтөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/30/kyrghyzstanda-kyrghyz-bielarus-biznies-forumu-otot/
- Published: 2026-03-30T08:05:24.000Z
- Updated: 2026-03-30T08:05:24.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бишкекте кыргыз-беларус бизнес-форумун өткөрүүгө даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев билдирди.**

> Анын айтымында, элчи Беларусь Соода өнөр-жай палатасынын төрагасы Михаил Мятликов менен жолугушуп, **үстүбүздөгү жылдын июнь айында** Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-беларус **бизнес-форумуна даярдык** маселелери талкууланды. Форум эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы түз байланыштарды чыңдоого багытталат.

Белгиленгендей, бул иш-чара буга чейинки кызматташтыктын уландысы болуп саналат. Эске салсак, **2025-жылдын июнь айында** кыргыз-беларус бизнес-форуму **Минск шаарында өткөн.**

Акыркы жылдары эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн байланышы күчөп, соода жүгүртүү көлөмү да өсүүдө. Тактап айтканда, **2023-жылы** Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы **соода жүгүртүү 117,7 млн** долларды түзсө, **2025-жылы** бул көрсөткүч **206,8 млн** долларга жетип, дээрлик **эки эсеге көбөйгөн**. Ошондой эле Кыргызстандын экспорту **30 % ашык өсүп**, **33 млн** доллардан **44,6 млн** долларга жеткен.

Алдыдагы форум эки тараптуу экономикалык кызматташууну дагы да тереңдетүүгө өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.