> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2025-жылы 62% микрокредиттер керектөө муктаждыктарына жумшалган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/31/2025-zhyly-62-mikrokriedittier-kieriektoo-muktazhdyktaryna-zhumshalghan/
- Published: 2026-03-31T07:38:14.000Z
- Updated: 2026-03-31T07:47:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2025-жылы Кыргызстанда микрокредит берүү көлөмү өсүп, негизги бөлүгү керектөө муктаждыктарына багытталганы белгилүү болду. Бул тууралуу КРнын Улуттук статистика комитетинен билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, микрокредиттик уюмдар тарабынан **2025-жылы** жалпысынан **86 млрд сом өлчөмүндө насыя берилген**. Ал эми **алуучулардын саны 1,68 млн** адамга жеткен. Бул көрсөткүчтөр **2024-жылга салыштырмалуу** олуттуу өсүштү көрсөтөт: **алуучулардын саны 1,5 эсеге,** ал эми берилген **каражаттын көлөмү дээрлик 32%га көбөйгөн**.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/-------------------------1-.png)

**Аймактар боюнча** алып караганда, микрокредит алуучулардын эң чоң үлүшү **Бишкек** шаарына туура келет — **36%дан ашыгы**. Андан кийин Ош облусу (13%га жакын), Жалал-Абад (11%га жакын) жана Чүй облусу (9%дан ашык) орун алган. Ошол эле учурда берилген каражаттын **көлөмү боюнча да Бишкек шаары алдыда** — жалпы сумманын 28,5%ы ушул аймакка туура келет. Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустары да ири үлүшкө ээ.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/-----------------------.png)

 Тармактык бөлүштүрүүдө микрокредиттердин басымдуу бөлүгү **— 62%га жакыны — керектөө максаттарына** пайдаланылган. **Айыл чарба тармагына** берилген насыялар **15%ды** түзсө, **соода жана коомдук тамактануу** тармагына 1**0%дан ашыгы** туура келген.