> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө тери иштетүүчү заводдун курулушуна капсула салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/01/chui-oblusunda-tierini-kaira-ishtuuchu-zavod-ishkie-kirdi/
- Published: 2026-04-01T07:53:32.000Z
- Updated: 2026-04-01T08:16:32.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Бүгүн “Асыл Тери” ЖЧКсынын заманбап тери иштетүүчү заводунун курулушуна мезгил кутусу салынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, долбоор Чүй агроөнөр жай зонасынын аймагында жайгашкан 103 гектар аянтта ишке ашырылып жатат. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 12 млн долларды түзөт. Ошол эле учурда долбоордун 5 млн доллары мамлекет тарабынан каржыланууда. Курулуш аяктагандан кийин ишкана суткасына 24 тоннага чейин чийки тери иштетүүгө мүмкүнчүлүк алат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/659585513_1222.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/IMG_3334.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

Мындан тышкары, буга чейин иштетилбей талаага ташталып келген бодо малдын жана башка жандыктардын терилери кайра иштетилип, бут кийим жана тиричилик продукцияларын өндүрүүгө пайдаланылат.