> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Кыргызстандын 100 санарип аял-лидери" программасы башталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/02/kyrghyzstandyn-100-sanarip-aial-lidieri-proghrammasy-bashtaldy/
- Published: 2026-04-02T10:09:44.000Z
- Updated: 2026-04-02T10:09:44.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Аял жетекчилердин лидерлик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган "Кыргызстандын 100 санарип аял-лидери" билим берүү программасы расмий түрдө башталды. Долбоор аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында ишке ашырылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия билдирди.**

Маалыматка ылайык, программа мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген, ошондой эле кадрлар резервинде турган аялдар үчүн уюштурулган. Анын максаты — заманбап башкаруу, санариптик көндүмдөрдү жана коммуникациялык компетенцияларды өнүктүрүү.

Катышуучулар практикалык долбоорлорду ишке ашырып, насаатчылардын колдоосу менен билим алышат.

Окутуунун алкагында Айзаратбек Эсенов да тренинг өткөрүп, санариптик инструменттерди колдонуу жана инновациялык ыкмалар боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

Бул демилге аялдардын коомдогу ролун бекемдөөгө, гендердик теңчиликти илгерилетүүгө жана мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатууга багытталган.