> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Лейлек районунун 76 айылы коэфиценттерден, кошумча төлөмдөрдөн кол жууйбу?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/02/lieiliek-raionunun-76-aiyly-koefitsienttierdien-koshumcha-tolomdordon-kol-zhuuibu/
- Published: 2026-04-02T07:30:33.000Z
- Updated: 2026-04-02T07:30:32.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**Чек ара аймактарынын тургундары мамлекеттик төлөмдөрдөн жана кошумча колдоо берүүчү коэффициенттерден ажырап калышы мүмкүн экенин депутат Камиля Талиева 2-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү жөнгө салган ***1997-жылдын 25-декабрындагы №377 токтом*** күчүн жоготушу мүмкүн. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлган.

"Бул Лейлек районундагы 76 айылдын тургундарына таасирин тийгизет: эмгек акыларга кошумча коэффициенттер, өткөөл мезгилдеги төлөмдөр жана башка кошумча каражаттар автоматтык түрдө токтойт", — деди ал.

Депутат белгилегендей, бул коэффициенттер чек арадагы калкты сактап калуу жана ички миграциянын алдын алуу үчүн маанилүү.  
"Чек ара аймактарынын тургундары өзгөчө “чек ара” макамына ээ, алардын коэффициенттери 50%ды түзөт. Аларды жоюу терс таасир тийгизиши мүмкүн", — деп кошумчалады Талиева.

Ал тиешелүү министрликтерге жана комитетке бул токтом долбоорун карап чыгууну тапшырууну сунуштады. Ошондой эле төлөмдөрдү акырындык менен кыскартуу пландалып жатканын айтты:

- 2026-жылы — 75%
- 2027-жылы — 50%
- 2028-жылы — 25%

Андан кийин бул категория толугу менен жоюлушу мүмкүн.