> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Кыргызстан көлдөрүнө 30 миллиондон ашык чабак коё берилет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/06/byiyl-kyrghyzstan-koldoruno-30-milliondon-ashyk-chabak-koio-bieriliet/
- Published: 2026-04-06T06:18:35.000Z
- Updated: 2026-04-06T06:18:34.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Быйыл Ысык-Көлгө 2 млн 700 миңден ашык балык чабактары коё берилгенин Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.**

Анын айтымында, мында форель жана сига-лудога балык чабактары коё берилген.

> "Учурда балыктандыруу иш-чаралары жүрүп жатат. Ысык-Көлдөн тышкары, Соң-Көлгө 4 миллиондон ашык балык чабактары коё берилди. Ошондой эле 2 миллионго жакын чабактар Орто-Токой суу сактагычына коё берилген. Жыл сайын кыш мезгилинде Ысык-Көл форели, сига-лудога балык чабактарын коё берсек, жаз, жай убактарында карп жана сазан балыктарынын чабактарын коё беребиз", - деди ал.

Белгилей кетсек, 2025-жылы көлдөргө жалпы 29 миллиондон ашык балык чабактары коё берилсе, быйыл бул көрсөткүчтү 30 миллиондон ашыруу планы коюлган.