> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/06/byiyl-kyrghyzstangha-kielghien-turisttier-10-gha-osushu-yktymal/
- Published: 2026-04-06T09:16:24.000Z
- Updated: 2026-04-06T09:16:24.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Кыргызстанда 2026-жылы туризм тармагынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизе турган масштабдуу иш-чаралар өтөт. Негизги окуялардын бири учурда кызуу даярдык жүрүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.**

Анын айтымында, дүйнөдөгү кырдаалга карабастан, Кыргызстанга чет элдик туристтердин агымы көбөйөт деп болжолдонууда.

> “Ушуга байланыштуу биз туристтик мезгилге кызуу даярданып жатабыз. Инфраструктураны жана тейлөө сапатын жакшыртуу, көрсөтүлүүчү кызматтардын деңгээлин жогорулатуу боюнча иш алып баруудабыз”, -деп белгиледи департаменттин директору.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республикага келген туристтердин саны 10 миллиондон ашкан. Үстүбүздөгү жылы бул көрсөткүч кеминде дагы 10%га өсөт деген божомол бар.