> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Новопавловка айылында 3 млн сомдук маркаланбаган мотор майы кармалды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/06/novopavlovka-aiylynda-3-mln-somduk-markalanbaghan-motor-maiy-karmaldy/
- Published: 2026-04-06T09:42:51.000Z
- Updated: 2026-04-06T09:42:50.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**Бишкек шаарынын Ленин районунун Новопавловка айылындагы рейдде акциздик маркасы жок мотор майларын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, текшерүүдө маркаланбаган ар кандай идиштердеги 294 даана мотор майы табылды. Продукциянын жалпы көлөмү 10 миң 824 литр болуп, жалпы суммасы болжол менен 3 млн сомду түздү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp_Image_8pyjVzp.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp_Image_AN1nd9J.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

Учурда бул факты боюнча тиешелүү процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Алардын жыйынтыгы боюнча материалдар КР мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.