> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан аялдардын ден соолугу үчүн 18,4 млн сомдук дары алды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/07/kyrghyzstan-aialdardyn-dien-soolughu-uchun-18-4-mln-somduk-dary-aldy/
- Published: 2026-04-07T13:38:45.000Z
- Updated: 2026-04-07T13:38:44.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Коом

**Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун Калк фондусу (ЮНФПА) тарабынан берилген мисопростол дары каражатын алды.**

Бул жардам энелердин ден соолугун коргоо системасын чыңдоого, ошондой эле аялдар үчүн сапаттуу медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү:

- 350 миң таңгак (ар биринде 4 таблеткадан)
- жалпы суммасы 18,4 млн сом

Мисопростол маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирет жана бекитилген клиникалык протоколдорго ылайык колдонулат. Ал, айрыкча, акушердик-гинекологиялык жардам көрсөтүүдө татаалдашуулардын алдын алууга жардам берет.

Бул дары республика боюнча 104 медициналык уюмга (биринчи, экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги) бөлүштүрүлөт жана медициналык-социалдык тобокел тобуна кирген төрөт курагындагы аялдарга акысыз берилет.