> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Талас шаарында заманбап медциналык борбор ишке кирет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/07/talas-shaarynda-zamanbap-miedtsinalyk-borbor-ishkie-kiriet/
- Published: 2026-04-07T09:11:48.000Z
- Updated: 2026-04-07T09:11:47.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Талас шаарында аянты 1000 чарчы метрден ашкан заманбап медициналык борбор ишке кирерин Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти.**

Борбордун өзгөчөлүгү — анда миниинвазивдик хирургия жана артроскопия ыкмаларынын киргизилишинде. Буга чейин аймактын тургундары муундардын жаракатынан кийин калыбына келүү же ЛОР-операцияларын жасатуу үчүн Бишкекке келүүгө мажбур болушчу.

Жаңы борбордо заманбап жасалма дем алдыруучу аппараттар, жогорку технологиялык операциялык столдор, көлөкөсүз лампалар жана атайын ЛОР-комбайндары орнотулат.

> "Фонд борборду заманбап жабдуулар менен камсыздоого 27 млн сом бөлүп жатат. Бул алгачкы консультациядан баштап, толук айыгып чыкканга чейинки дарылоо циклин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.

Долбоор аймак үчүн үч негизги артыкчылыкты берет:

- Тургундар операцияларды өз жеринен жасата алышат;
- 40 жогорку квалификациялуу жумуш оруну түзүлөт;
- Дарыгерлер айына 80ге чейин хирургиялык операция жасап, өз потенциалын туулган жеринде ишке ашыра алышат.

Белгилей кетсек, бул РКӨФтүн Талас шаарында ишкерлер менен биргеликте ишке ашырылып жаткан экинчи медициналык долбоору. Буга чейин бир нече жыл мурун диагностикалык багыттагы "Берди" клиникасы ачылган болчу.