> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эл аралык аудит "Кумтөрдүн" отчеттуулугун тастыктады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/09/el-aralyk-audit-kumtordun-otchiettuulughun-tastyktady/
- Published: 2026-04-09T10:15:23.000Z
- Updated: 2026-04-09T10:15:22.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Көз карандысыз аудитордук компания Ernst & Young 2025-жыл үчүн Кумтор Голд Компани ЖАКтын финансылык отчеттуулугун текшерүүнү аяктады.**

Аудиттин жыйынтыгы боюнча, компаниянын отчету бардык негизги аспектилер боюнча 2025-жылдын 31-декабрына карата финансылык абалын, ошондой эле отчеттук мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын эл аралык стандарттарга ылайык туура чагылдырары аныкталды.

**2025-жылдагы көрсөткүчтөр:**

- киреше — 1,434 млрд доллар;
- таза пайда — 706 млн доллар.

**Компаниянын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы:**

- салыктар жана милдеттүү төлөмдөр — 246,5 млн доллар;
- дивиденддер — 300 млн доллар.

***2025-жылы Кумтор кенинде 12 миң 81 килограмм алтын өндүрүлгөн.***

Ernst & Young (EY) — аудит жана консалтинг тармагындагы дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири. Ал "Чоң төрттүккө" кирет жана ишмердүүлүгүнүн масштабы боюнча дүйнөдө 3-орунда турат. Компанияда 150дөн ашык өлкөдө 400 миңден ашуун кызматкер иштейт.