> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Измирде Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүгү тааныштырылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/09/izmirdie-kyrghyzstandyn-inviestitsiialyk-zhana-ishkierdik-mumkunchulughu-taanyshtyryldy/
- Published: 2026-04-09T04:45:40.000Z
- Updated: 2026-04-09T04:45:40.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Коом

**Түркиянын Измир шаарында Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга арналган иш-чара өткөнүн Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунан билдиришти.**

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштары, экспорт мүмкүнчүлүктөрү, кызматташуу багыттары жана инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди.

Катышуучулар тарабынан презентациялар көрсөтүлүп, конкреттүү долбоорлор жана кызматташтык багыттары боюнча баяндамалар жасалды.

> Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Чыңгыз Токтобеков белгилегендей, мындай форматтагы иш-чаралар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ. Эки өлкөнүн ишкерлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, өз ара инвестицияларды көбөйтүүгө жана туруктуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp_Image_cTQG5rR.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp_Image_QHv8hOG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp_Image_QxA0N6A.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

Иш-чара суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар ортосунда пикир алмашуу болуп, мындан аркы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.