> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Кыргызалтын" былтыр 18,7 млрд сом таза пайда таап, рекорддук көрсөткүчкө жеткен
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/09/kyrghyzaltyn-byltyr-18-7-mlrd-som-taza-paida-taap-riekordduk-korsotkuchko-zhietkien/
- Published: 2026-04-09T07:15:56.000Z
- Updated: 2026-04-09T07:15:55.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**“Кыргызалтын” ачык акционердик коому 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча рекорддук финансылык көрсөткүчтөргө жетишти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда белгилүү болду.**

Компаниянын маалыматына ылайык, таза пайдасы 18,7 млрд сомду, ал эми жалпы кирешеси 20,7 млрд сомду түздү.

> Учурда “Кыргызалтындын” курамына 2 филиал, 13 туунду ишкана жана 4 биргелешкен ишкана кирет. Компания жакынкы үч жыл ичинде жалпы суммасы 1 млрд доллардан ашкан стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо.

Анын ичинде “Үңкүр-Таш”, “Тоголок”, “Чакуш”, “Талдыбулак” жана “Андаш” кендерин өздөштүрүү каралган. Ошондой эле Кумтөр кенинин калдыктарын кайра иштетүү боюнча иштер уланууда.

Белгиленгендей, бул долбоорлор энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө жана экономикалык өсүштү камсыздоого багытталган.