> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 232 чарбага асыл тукум чарба макамы берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/09/kyrghyzstanda-232-charbagha-asyl-tukum-charba-makamy-bierildi/
- Published: 2026-04-09T09:30:40.000Z
- Updated: 2026-04-09T09:30:39.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Коом

**Кыргызстанда 232 чарба субъектине асыл тукум чарба макамы ыйгарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.**

Маалыматка ылайык, мал чарбачылыгынын сапатын жогорулатуу жана генетикалык ресурстарды сактоо максатында ведомство атайын комиссия түзүп, чарба субъекттерине жеринде мониторинг жүргүзгөн.

Анын жыйынтыгында 232 чарбага асыл тукум макамы берилди. Анын ичинде:

- ири мүйүздүү мал — 84,
- жылкы чарбачылыгы — 40,
- кой чарбачылыгы — 97,
- эчки чарбачылыгы — 5,
- канаттуулар — 4,
- аарычылык — 4,
- топоз чарбачылыгы — 3 субъект.

Бул чаралар малдын сапатын жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле мал чарбачылыгын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.