> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Ак-Тилек – автожол" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз 18,5 млн сомдук товар кармалды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/10/ak-tilek-avtozhol-otkormo-punktunda-myizamsyz-18-5-mln-somduk-tovar-karmaldy/
- Published: 2026-04-10T03:24:59.000Z
- Updated: 2026-04-10T03:24:58.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**"Ак-Тилек – автожол" өткөрмө пунктунда мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүнүн ири партиясы аныкталганын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.**

"Казакстандан келе жаткан кыргыз жараны А.М.В. (1988-жылы туулган) башкарган **Volvo Truck** үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа өткөрмө пунктуна тиешелүү товар коштоочу документтери жок эл керектөөчү товарлар менен келген", — деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкү товарлар табылган:

- чарбалык буюмдар,
- кабелдер,
- курулуш шаймандары,
- кондитердик азыктар,
- кофе,
- бут кийимдер жана башка эл керектөөчү товарлар.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/4052106.a87bbc726cb31fc9e5037ee1a8295363.max.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/4052121.2c4754bcd7ac82149e165239c8b7ce58.max.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/4052141.f1591850aa2afe5b2564489b7f6af44f.max.jpg)

Жүктүн алдын ала баасы 18,5 млн сомдон ашат.

Тиешелүү документтер таризделгенден кийин, транспорт каражаты, айдоочу жана жүк андан аркы териштирүү үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.