> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Соң-Көл балык чарбасы"  3 көлгө  1 млн 800 миң чабак кое берди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/10/son-kol-balyk-charbasy-3-kolgo-1-mln-800-min-chabak-koe-berdi/
- Published: 2026-04-10T11:57:18.000Z
- Updated: 2026-04-10T11:57:18.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**2026-жылдын 8–9-апрель күндөрү “Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик ишканасы тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын жалпы 1 миллион 800 миң даана чабактарын коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү.**

Бул балыктандыруу иш-чарасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин 2025–2026-жылдарга карата бекитилген планынын негизинде өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында “Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери тарабынан жана Балык өнөр жайы комплекси департаментинин штаттан тышкары кызматкерлеринин катышуусунда май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары төмөнкү көлдөргө коё берилди:  
***• Соң-Көл көлүнө 800 миң даана,*** 
***• Чоң Ара-Көл көлүнө 500 миң даана,*** 
***• Кичи Ара-Көл көлүнө 500 миң даана.***

Иш-чара көлдөрдөгү балык запастарын көбөйтүүгө, биологиялык тең салмактуулукту сактоого жана балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.