> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жер калкынын саны планетанын ресурстук мүмкүнчүлүгүнөн кыйла ашты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/10/zher-kalkynyn-sany-planetanyn-resurstuk-mumkunchulugunon-kyila-ashty/
- Published: 2026-04-10T03:02:53.000Z
- Updated: 2026-04-10T03:02:53.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Жер жүзүнүн калкы планетанын ресурстарын түгөтүүдө тийиштүү деңгээлден ашып кеткенин британдык Environmental Research Letters журналына таянуу менен РИА Новости жазды.**

Окумуштуулар калктын санынын өсүшү жана азыркы ресурстарга – энергия, суу, минералдык байлыктарга болгон суроо-талапты эске алып, адамзаттын келечектеги жашоосун талдаган. Алардын болжолу боюнча, XXI кылымдын экинчи жарымында калктын саны 11-12 миллиардга жетиши мүмкүн. Глобалдык жылуулук жана табияттын бузулушу тобокелчилигин азайтуу үчүн адамдардын саны 2,5 миллиарддан көп болбошу керек.

Адистер белгилешкендей, тарыхтагы чечүүчү учур - XX кылымдын ортосу болуп саналат. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин калк тез көбөйүп, ресурстарды көп колдонуу флора жана жаныбарларга чоң жүк алып келген.