> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент 268 млн сом инвестициялык каражат салынган "Медимпекс" ишканасына барды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/13/prezident-268-mln-som-investitsiialyk-karazhat-salyngan-medimpeks-ishkanasyna-bardy/
- Published: 2026-04-13T03:41:50.000Z
- Updated: 2026-04-13T03:41:50.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**Президент кечээ Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө "Медимпекс" медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүчү компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.**

> Ишкана автоматташтырылган технологияларды колдонуу менен заманбап медициналык продукцияларды чыгарат. Долбоорго салынган жалпы инвестициянын көлөмү 268 млн 550 миң сомду түздү, анын ичинде компаниянын өз каражаттары, ошондой эле фонддордон жана банк секторунан тартылган ресурстар бар. 

Ишкананын долбоордук кубаттуулугу жылына 100 млн даана продукция чыгарууга жетет. Бул ички рынокту медициналык буюмдар менен камсыздоону кыйла бекемдөөгө жана импорттон көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/669332302_1525.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/669886478_1525.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/668712948_1525.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

Ишканада 40 жумуш орду түзүлгөн. Ошол эле учурда өндүрүш процессинин бир кыйла бөлүгү роботтоштурулган, бул жогорку өндүрүмдүүлүктү, продукциянын сапатын жана заманбап стандарттарга шайкештигин камсыз кылат. 

Мамлекет башчысы медициналык шприцтерди өндүрүүнүн технологиялык процесси, заманбап жабдуулардын иштеши жана ишканада автоматташтыруу деңгээли менен таанышты.

Ал ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүнүн, инновациялык технологияларды киргизүүнүн жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.