> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2028-жылга чейин Кыргызстанда эски мектептер калбайт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/14/2028-zhylga-cheiin-kyrgyzstanda-eski-mektepter-kalbait/
- Published: 2026-04-14T06:25:58.000Z
- Updated: 2026-04-14T06:25:57.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кыймылсыз мүлк

**Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 1960–1970-жылдары курулуп, авариялык абалда турган бардык мектептер 2028-жылдын сентябрына чейин толугу менен жаңыланарын же кайрадан куруларын Алай районунун тургундары менен жолугушууда айтты.**

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөдө болжол менен 3 миңге жакын айыл бар жана алардын көбүндө мектеп имараттары эскирген.

Мамлекет башчысынын айтымында, акыркы беш жыл ичинде мектептерди этап-этабы менен жаңылоо жана жаңы билим берүү мекемелерин куруу иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Садыр Жапаров он орто мектептин курулушуна капсула салуу аземине катышкан.