> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте KyrgyzBuild 2026 эл аралык көргөзмөсү башталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/14/bishkekte-kyrgyzbuild-2026-el-aralyk-korgozmosu-bashtaldy/
- Published: 2026-04-14T10:57:53.000Z
- Updated: 2026-04-14T10:57:52.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**Бүгүн Бишкек шаарында курулуш индустриясынын 23-эл аралык адистештирилген KyrgyzBuild 2026 көргөзмөсү ачылганын Курулуш министрлиги билдирди.** 

Көргөзмө 14-16-апрель күндөрү өтүп, курулуш тармагы, архитектура, интерьер дизайны жана ага байланышкан багыттардын алдыңкы өкүлдөрүн бириктирет.

> Иш-чаранын алкагында заманбап курулуш материалдары, инновациялык технологиялар, инженердик чечимдер, ошондой эле архитектура жана интерьер дизайны жаатындагы актуалдуу тенденциялар көрсөтүлөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp_Image_tkMpoS3.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp_Image_z269OD1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

KyrgyzBuild 2026 көргөзмөсүн өткөрүү эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, кесиптик тажрыйба алмашууга жана Кыргызстандын курулуш секторуна инвестиция тартууга өбөлгө түзөт.

> Көргөзмө жыл сайын өткөрүлүп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 120дан ашык компанияны бириктирет, бул өлкөнүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө эл аралык бизнес коомчулугунун кызыгуусу жогору экендигин тастыктайт.