> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент Таш-Короо айылындагы жайытта кен казууну токтотууну буйруду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/14/prezident-tash-koroo-aiylyndagy-zhaiytta-ken-kazuunu-toktotuunu-buirudu/
- Published: 2026-04-14T06:40:24.000Z
- Updated: 2026-04-14T06:40:23.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Коом

Алай районунун тургундары менен жолугушууда Садыр Жапаров айыл тургуну Дардак Алимканов жайыт жерлерин сактоо маселесин көтөрдү. 

Анын айтымында, Таш-Короо айылында бир гана жайыт бар. Бирок "Нур Тейит" компаниясы ошол аймакта курулушта колдонулуучу сарыташты (травертинди) казууну пландап жатат.

“Нур Тейит” деген фирма бар, ушул жайытты казып, сарыташ алгысы келет. Компаниянын ээси ар дайым фирманын атын өзгөртүп жүрөт. Жергиликтүү элдин негизги тиричилиги айыл чарба болсо, биз кайда барабыз?" — деп кайрылды тургун президентке.

Жооп катары Садыр Жапаров район акимине жайыт жерлеринде пайдалуу кен казууга уруксат бербөөнү тапшырды.

Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев билдиргендей, учурда аталган айылда эки лицензияны кайтарып алуу боюнча иштер жүрүп жатат.

"Нур Тейит" ЖЧКсы 2013-жылы түзүлгөн, ал эми 2026-жылдын 30-январында кайра каттоодон өткөн. Компаниянын жетекчиси — Калыйнур уулу Бекарстан. Негиздөөчүлөрү: "Жалал-Абад Кен Байлыктары" ЖЧКсы, Самат Султанов, Калыйнур уулу Бекарстан, Марипаткан Мээлибаева жана Нуржамал Аттокурова.