Кыргызстан Кытай ортосунда айыл чарба продукцияларын экспорттоо протоколдоруна кол коюлду
ШКУга мүчө мамлекеттеринин айыл чарба министрлеринин жыйынынын алкагында МинКаб Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Чжан Чжили менен жолугушту.
Белгиленгендей, бүгүнкү күндө айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча 17 протоколго кол коюлган, дагы 3 протокол макулдашуу стадиясында, ал эми 32 багыт боюнча документтердин долбоорлору күтүлүп жатат.


Кыргыз тарап кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана жаңы келишимдерге кол коюуга даяр экенин билдирип, анын ичинде Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы менен иш алып барууга кызыкдар экенин белгиледи.