> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 3 айда былтыркыга салыштырмалуу экспорт 12,5%га, импорт 1,2%га кыскарды – Н.Керималиева
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/15/kyrgyzstanda-3-aida-byltyrkyga-salyshtyrmaluu-eksport-12-5-ga-import-1-2-ga-kyskardy-n-kerimalieva/
- Published: 2026-04-15T10:55:26.000Z
- Updated: 2026-04-15T10:55:26.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстандын тышкы соода көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 2,1 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Улуттук статистика комитетинин төрайымынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.**

> Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы соода жүгүртүү 2,9%га азайган. Экспорт 12,5%га төмөндөгөн, ал эми импорт 1,1%га кыскарган.

Соода түзүмүндө импорттун үлүшү 85,4%ды, ал эми экспорттун үлүшү 14,6%ды түздү.

ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүү да 0,5%га азайып, 816 млн долларды түздү. Биримдиктин ичиндеги сооданын эң чоң үлүшү салттуу түрдө Россияга (67,6%) жана Казакстанга (29,8%) туура келди.