> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жеңилдетилген насыя алуу үчүн электрондук кезек системасы ишке кирди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/16/kyrgyzstanda-zhenildetilgen-nasyia-aluu-uchun-elektronduk-kezek-sistemasy-ishke-kirdi/
- Published: 2026-04-16T06:17:11.000Z
- Updated: 2026-04-16T06:17:10.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "АБанк" жана "Элдик Банк" ААКлары менен биргеликте жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн электрондук кезек системасы ишке киргизилгенин жарыялады.**

Маалыматка ылайык, 15-апрелде министрлик менен өнөктөш банктардын ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлган. Анын алкагында iDyikan платформасынын негизинде "Фермерлерди жеңилдетилген насыялоо" модулу ишке берилди. Бул платформа министрликке караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан.

Жаңы санариптик кызмат айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:

- онлайн каттоодон өтүү;
- жеңилдетилген каржылоого арыз берүү;
- алыстан кезекке туруу;
- арыздын абалын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө.

Системаны киргизүү агроөнөр жай комплексин колдоого бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун ачыктыгын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

iDyikan платформасы дыйкандар үчүн мамлекеттик кызматтарды жана каржылык инструменттерди электрондук форматта бириктирген бирдиктүү санариптик терезе катары өнүктүрүлүп жатат. Кийинчерээк iDyikan мобилдик тиркемесин ишке киргизилет. Бул кызматтарга жана каржылоого жетүүнү дагы да ыңгайлуу кылат.