> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте жол тыгындарын азайтуу үчүн кыска автобус маршруттары киргизилет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/17/bishkekte-zhol-tygyndaryn-azaituu-uchun-kyska-avtobus-marshruttary-kirgizilet/
- Published: 2026-04-17T13:10:02.000Z
- Updated: 2026-04-17T13:10:01.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**Бишкек шаарында жаңы кыска автобус маршруттары киргизилип, жүргүнчүлөргө айрым учурда бир нече транспортко отуруп барууга туура келерин шаар мэри Айбек Джунушалиев билдирди.**

Анын айтымында, мурда шаардагы тыгындарды жана экологиялык көйгөйлөрдү азайтуу максатында 4 миңге жакын микроавтобус каттамдан алынган. Учурда Бишкекте 1200гө жакын электробус жана газ менен жүргөн автобустар иштеп жатат. Ошондой эле жаңы конуштарга дагы 625 автобус жөнөтүү пландалууда.

Мэрия маршруттук схемаларды толугу менен кайра карап чыгууда. Бул жаңы инфраструктуралык объектилер болгон Батыш автовокзалы, Ош базары, Түндүк айланма жолунун курулушуна байланыштуу. 

> Ушуга байланыштуу айланма багыттар үчүн экспресс-маршруттар да киргизилет. Мындан тышкары, шаар ичинде "кыска" же "перехватывающий" деп аталган маршруттар түзүлөт. Алар тыгындарды азайтууга жардам берет.

Бирок мындай система жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн, анткени бир нече жолу транспорт алмаштырууга туура келет жана кошумча чыгымдар болушу мүмкүн.

> Мэрдин айтымында, бул маселени чечүү үчүн мэрия бир жолу төлөп, белгилүү убакыт ичинде башка транспортко акысыз өтүүгө мүмкүнчүлүк берген система киргизүүнү карап жатат. Бул маселе жакынкы 1–2 ай ичинде чечилиши мүмкүн.