> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан энергетика жана логистикага инвестиция тартууга багыт алды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/19/kyrgyzstan-energetika-zhana-logistikaga-investitsiia-tartuuga-bagyt-aldy/
- Published: 2026-04-19T07:02:58.000Z
- Updated: 2026-04-19T07:02:58.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**Вашингтон шаарында өткөн Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банктын Жазгы жыйындарынын алкагында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков АКШнын бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.** 

Иш-чарага Pangea Global LLC, Concrete Engine, American Councils for International Education компанияларынын жана Невада университетинин өкүлдөрү катышты.

> Жолугушууда Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тааныштырылып, негизги багыттар катары энергетика, анын ичинде гидроэнергетика жана кайра жаралуучу энергия булактары, ошондой эле логистика жана транспорттук инфраструктура белгиленди.

Министр Кыргызстан америкалык компаниялар менен өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин белгилеп, бул диалог жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана өнөктөштүктү кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/670655970_18089830733343965_8863221320907331699_n.jpg)