> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2050-жылга карата Казакстан кеминде үч атомдук электр станциясын курат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/20/2050-zhylga-karata-kazakstan-keminde-uch-atomduk-elektr-stantsiiasyn-kurat/
- Published: 2026-04-20T04:25:41.000Z
- Updated: 2026-04-20T04:25:41.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Казак президенти Касым-Жомарт Токаев бекиткен Атомдук тармакты өнүктүрүү стратегиясында стратегияга ылайык Казакстан Республикасында 2050-жылга карай кеминде үч атомдук электрстанциясы иштеп каларын Атомдук энергия боюнча агенттик билдирди.** 

> "Биринчи АЭС долбоорун ишке ашыруу азыр башталды, экинчисинин курулушу кароо баскычында, ал эми үчүнчү АЭС үчүн перспективдүү багыт катары чакан модулдуу реактор технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүгү иликтенип жатат", — делет аталган агенттиктин маалыматында. 

Былтыр февралда казак өкмөтү биринчи АЭС курула турган жерди бекиткен. Ал Алматы облусунун Жамбыл районунда, Балхаш көлүнүн жээгиндеги Улкен кыштагына жакын жерде курулмай болгон. Бийлик биринчи станцияны Россия саларын жарыялаган.

Айрым экологдор атомдук станциянын курулушуна каршы. Алар станция Балхаш көлүнө зыян келтирет деп эсептешет.

Жарандык активисттер, айрым саясат талдоочулар АЭС Россия тарабынан курулса, Казакстан энергетикалык жана саясий көз карандысыздыгын жоготот деген кооптонуусун билдирип жүрөт. 

Бирок, чийки уранга, технологиялык жараяндарга Казакстан өзү көзөмөлдүк кыларын, оператор жана өндүрүүчү болорун Атомдук энергия боюнча агенттиктин башчысы Алмасадам Саткалиев билдирген. 

Казак бийлиги АЭС куруу чечимин 2024-жылы кабыл алган. Анын алдында бул маселе жалпы элдик референдумга коюлуп, ага катышкандардын 71% АЭС курууну колдогонун бийлик расмий кабарлаган. Бирок, бул референдумда жасалма добуш берүүлөр болгону айтылган.