> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 4 айда инвестициялардын өсүшү 25,5%га жогорулады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/20/kyrgyzstanda-4-aida-investitsiialardyn-osushu-25-5-ga-zhogorulady/
- Published: 2026-04-20T07:13:18.000Z
- Updated: 2026-04-20T07:13:17.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө негизги капиталга инвестициялардын туруктуу өсүшү катталды.**

> Үстүбүздөгү жылдын январь–март айларында инвестициялардын жалпы көлөмү 77 млрд 319 млн сомду түзүп, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25,5%га жогору.

> Ички инвестициялар 1,2 эсеге көбөйсө, тышкы капиталдын агымы дагы ылдамыраак өсүп, 1,5 эсеге жетти.

Негизги каражаттар пайдалуу кендерди казып алуу тармагындагы объектилерди курууга, кайра иштетүү өнөр жайына, транспорт жана логистика тармагына, ошондой эле энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.

Бул оң динамика инвесторлордун өлкөнүн реалдуу секторуна жана инфраструктуралык долбоорлорго болгон кызыгуусу жогору бойдон калып жатканын көрсөтөт.