> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдөн дагы 1200 метр тор алынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/20/toktogul-suu-saktagychyna-tor-salgandarga-38-500-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-04-20T08:00:39.000Z
- Updated: 2026-04-20T08:09:04.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**Ысык-Көлдө браконьерликке каршы кезектеги рейд өткөнүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.**

Рейддин жүрүшүндө инспекторлор тарабынан Ысык-Көлдөн жалпы узундугу 1200 метрди түзгөн эски синтетикалык тор табылып, суудан чыгарылды. Бул торлор балык ресурстарына олуттуу зыян келтирип, көлдүн экосистемасына коркунуч жаратат.

> "Учурда бул багыттагы иштер улантылып, мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөш күчөтүлүүдө. Тиешелүү чаралар көрүлүп, күнөөлүү жактар аныкталууда", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, иш-чара президенттин жарлыгын аткаруунун алкагында уюштурулуп, көлдүн акваториясында мыйзамсыз балык уулоого каршы багытталды.