> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги ЖЭБ жана жылуулук тармактары салыктардан бошотулат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/21/bishkektegi-zheb-zhana-zhyluuluk-tarmaktary-salyktardan-boshotulat/
- Published: 2026-04-21T06:57:38.000Z
- Updated: 2026-04-21T06:57:37.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**Министрлер кабинети 2022-жылдын 30-апрелиндеги №236 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул документ Салык кодексинин жана ЕАЭБ келишимдеринин нормаларын колдонуу тартибин жөнгө салат.**

Документке ылайык, киреше салыгынан жана кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулган уюмдардын тизмесине эки муниципалдык ишкана — Бишкек ЖЭБи жана "Бишкек жылуулук тармактары" киргизилди.

Мындан тышкары, токтомдун текстинде "коммуналдык" ишканалар деген термин "муниципалдык" деп алмаштырылды. Бул өзгөртүү документти учурдагы терминологияга шайкеш келтирет.

Борбор калаанын энергетикалык ишканаларын жеңилдик алган уюмдардын тизмесине кошуу алардын аталган салыктар боюнча жүктөмсүз иштешине шарт түзөт. Бул өз кезегинде шаарды жылуулук менен туруктуу камсыздоого оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.