> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда бир жылда тамеки 8,8%га кымбаттады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/22/kyrgyzstanda-bir-zhylda-tameki-8-8-ga-ostu/
- Published: 2026-04-22T10:39:48.000Z
- Updated: 2026-04-22T10:40:10.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**2026-жылдын март айында Кыргызстанда фильтри бар тамекинин бир кутусунун орточо баасы 152,60 сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитети берген маалыматтардын талдоосунан белгилүү болду.**

> Тамекинин баасы өткөн жылдын март айына салыштырмалуу орточо 12,37 сомго же 8,8%га өстү. Салыштырып көрсөк, анда бир кутунун орточо баасы 140,23 сом болчу.

Эске салсак, 2024-жылдын аягында Министрлер Кабинети тамеки продукцияларына жана вейптерге минималдуу бааларды бекиткен. 

> Ага ылайык, фильтри бар жана фильтрсиз тамекилерге, сигарилла жана ысытылып колдонулуучу тамеки продукцияларына (таяныч (стик), капсула) — 20 даанадан турган куту үчүн — минималдуу дүң-чыгаруу жана чекене баа 2025-жылдын 1-январынан тартып 110 сомду түзгөн, ал эми 2026-жылдын башынан тарта 120 сомго чейин жогорулатылган.