> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Албаниянын экономикалык кызматташтыгы талкууланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/23/kyrgyzstan-menen-albaniianyn-ekonomikalyk-kyzmattashtygy-talkuulandy/
- Published: 2026-04-23T03:28:22.000Z
- Updated: 2026-04-23T03:28:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бүгүн, 2026-жылдын 22-апрелинде, Бакыт Сыдыков Албания Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Блерта Кадзадеж айым менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, тараптар өз өлкөлөрүнүн экономикасынын өнүгүү тенденциялары жана артыкчылыктары, жүргүзүлүп жаткан реформалар, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана ишкердикти колдоо боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.

> *Министр Бакыт Сыдыков экономикалык кызматташтык жөнүндө келишимдерди түзүү, кош салык салуудан качуу, туризм тармагында кызматташуу маселелерин иштеп чыгууну сунуштады.* 

> *Элчи Блерта Кадзадеж экономикалык байланыштарды активдештирүү жана келишимдик базаны өнүктүрүү боюнча чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки өлкө ортосундагы кызматташуунун келечектүү тармактарын белгиледи.*