> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Россиянын соода жүгүртүүсү 2,7%га кыскарды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/23/kyrgyzstan-menen-rossiianyn-sooda-zhugurtuusu-2-7-ga-kyskardy/
- Published: 2026-04-23T13:22:12.000Z
- Updated: 2026-04-23T13:22:11.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Коом

**2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2,7%га азайганы Улуттук статистика комитети жарыялаган маалыматтардын талдоосунда айтылат.**

Эки айдын жыйынтыгы боюнча өлкөлөр ортосундагы соода көлөмү 551,5 млн долларды түзгөн.

> Россия Кыргызстанга 452,1 млн долларлык товар жеткирген. Ал эми Кыргызстан Россияга 99,3 млн долларлык продукция экспорттогон. Россиядан Кыргызстанга импорт 0,6%га өскөн, ошол эле учурда Кыргызстан Россияга экспортун 15,1%га кыскарткан.

Белгилей кетсек, алдын ала маалыматтар боюнча, 2025-жылдын жыйынтыгында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү 3 млрд 846,1 млн долларды түзүп, 1,2%га төмөндөгөн.