> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда ири мүйүздүү малдын экспорту 41,3%га азайды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/23/kyrgyzstanda-iri-muiuzduu-maldyn-eksportu-41-3-ga-azaidy/
- Published: 2026-04-23T10:27:12.000Z
- Updated: 2026-04-23T10:27:12.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Коом

**2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстан 6,5 миң баш ири мүйүздүү малды экспорттогонун Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоодо айтылат.**

> Бардык экспорттук жеткирүүлөр Өзбекстанга жүргүзүлгөн. Экспорт 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 41,3%га азайган. Ал эми экспорттун акчалай көлөмү 36,9%га төмөндөп, 1,5 млн долларды түзгөн.

Белгилей кетсек, март айынын башында Кыргызстанда айыл чарба жаныбарларын (ири мүйүздүү мал, жылкы, кой жана эчки) өлкөдөн алып чыгууга алты айлык тыюу салынган. Бул чара өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана базардагы бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынган.