> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Европа биримдигинде мигранттардын саны былтыр 64,2 млн адамга жеткен
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/24/evropa-birimdiginde-migranttardyn-sany-byltyr-64-2-mln-adamga-zhetken/
- Published: 2026-04-24T07:15:05.000Z
- Updated: 2026-04-24T07:15:04.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Коом

**2025-жылы Европа биримдигинде жашаган мигранттардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетип, 64,2 миллионду түзгөнүн Kazinform агенттиги билдирет.**

2010-жылы бул көрсөткүч болжол менен 40 миллионду түзгөн. Ошентип, акыркы 15 жылдын ичинде Европа биримдигиндеги мигранттардын саны 60%дан ашык өскөн.

Негизги көрсөткүчтөр:

- Германия мигранттар эң көп отурукташкан өлкө бойдон калууда, дээрлик 18 млн адам. Алардын 72%ы эмгекке жарамдуу курактагылар. Ошондой эле Германия эң көп качкын кабыл алган өлкө (2,7 млн).
- Испания акыркы жылдары эң тез өсүштү көрсөтүп, мигранттардын саны 700 миңге көбөйүү менен 9,5 миллионго жетти.
- Иммигранттардын жалпы калкка карата эң жогорку үлүшү Люксембург, Мальта жана Кипрде байкалат.

Башпаанек сурагандардын дээрлик төрттөн үч бөлүгү Испания, Италия, Франция жана Германияга туура келет.