> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кореядан келген 107 жаран пенсиялык төлөмдөрүн алды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/24/koreiadan-kelgen-107-zharan-pensiialyk-tolomdorun-aldy/
- Published: 2026-04-24T08:15:17.000Z
- Updated: 2026-04-24T08:15:16.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акысынан пенсиялык төгүмдөрү кармалган Кыргызстандын жарандары кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алып жатышканын Социалдык фонддон билдиришти.**

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтомолор боюнча бир жолку төлөм алуу үчүн 144 жаран кайрылган.

> Анын ичинен 107 жаранга төлөм дайындалып, толугу менен төлөндү, 37 жаран учурда чечимди күтүүдө.

Бир жолку төлөмдүн орточо өлчөмү 3 789 долларды түздү.

---

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) **жана*[YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*