> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Microsoft Corp. компаниясы кызматкерлеринин 7%ына пенсияга чыгууну сунуштайт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/24/microsoft-corp-kompaniiasy-kyzmatkerlerinin-7-yna-pensiiaga-chyguunu-sunushtait/
- Published: 2026-04-24T09:28:06.000Z
- Updated: 2026-04-24T09:28:05.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Microsoft Corp. компаниясы Америкадагы миңдеген кызматкерлерине пенсия курагына жеткенге чейин өз ыктыяры менен пенсияга чыгууну сунуштаганын Bloomberg басылмасына шилтеме берүү менен Казинформ агенттиги жазды.**

Маалыматка ылайык, бул программа жогорку кызматтагы жетекчилерге же иши кирешенин өсүшүнө түздөн-түз таасир эткен адистерге тиешелүү эмес.

> Акчалай компенсацияны алып, мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу сунушу компаниянын АКШдагы жумушчу күчүнүн болжол менен 7%ын камтыйт. 

2025-жылдын июнь айынын аягындагы маалымат боюнча, Microsoft'тун АКШдагы бөлүмүндө 125 миң адам иштеген. Белгилей кетсек, өткөн жылы компания 10 миңден ашык адамды жумуштан кетирген.