> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ички жана импортко салынган КНС 2 айда жалпы жыйымдардын 3/1 бөлүгүн түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/04/27/ichki-zhana-importko-salyngan-kns-2-aida-zhalpy-zhyiymdardyn-3-1-bolugun-tuzdu/
- Published: 2026-04-27T03:31:04.000Z
- Updated: 2026-04-27T03:31:04.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика

**2026-жылдын январь–февраль айларында салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу түзүмүндө эң чоң үлүштү Кыргызстан аймагында өндүрүлгөн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча нарк салыгы (КНС) — 17%ды, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортко салынуучу КНС — 16%ды түзгөнүн Мамлекеттик салык кызматынын маалыматында айтылат.**

Жеке жактар — Кыргызстан резиденттери үчүн киреше салыгынын үлүшү 11%ды түздү, сатуу салыгы — 10%, резидент эмес жактардын кирешесине салынуучу салык — 5%, пайда салыгы — 3%, жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык — 2%, ЕАЭБден импортко акциз — 2%, Кыргызстан аймагында өндүрүлгөн товарларга акциз салыгы — 1%, салыктык эмес түшүүлөр — 1%.